Биз менен байланышыңыз

Үй камагынан качып кеткен каракчылыкка шектүү кайра кармалды

Кыска кабар | 9 Окт 2023 | 481 | 0

Каракчылыкка шектелип кармалып, кийин үй камагынын шарттарын бузуп, качып жүргөн адам кайра кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын август айында 7-апрель-Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Роснефть» май куюучу жайынын жанын белгисиз адамдар «Мерседес Бенц G-400» (гелендваген) унаасынын ээсине кол салышып, машинасын тартып алышкан. Унаа мурда кримтөбөлдөрдүн бирине таандык болуп, кийинчерээк сатылып кеткен.

Бул фактынын негизинде Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен иш козгоп, шектүүлөргө издөө жарыялаган.

Иликтөөнүн натыйжасында кылмышка шектүү катары үч адам изи сууй электе, дагы бир адам бир айдан кийин кармалган. Уурдалган унаа табылып, ээсине кайтарылган.

Материалдар сотко жөнөтүлүп, судья айрымдарын үй камагына чыгарган. Алардын бири үй камактын шарттарын бузуп, соттон качып кеткендиктен издөө жарыяланган.

Натыйжада издөөдө жүргөн шектүү, Токтогул районунун 1995-жылы туулган тургуну Ж. уулу Н. кечээ, 8-октябрда Бишкек шаарынын Шопоков көчөсүндөгү кафеден колго түшкөн.

Шектүү буга чейин да бир нече жолу оор кылмыштар менен соттолгон. Кримчөйрө менен кызматташ болгон.

Кармалган адам Жаза аткаруу кызматынын №21 абагына эки айга камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM