Connect with us

Ооганстандагы жер титирөөдөн 500гө чукул адам каза тапты

Кыска кабар | 8 Окт 2023 | 236 | 0

Ооганстандын батышында болгон жер титирөөнүн кесепетинен каза тапкандар 500гө чукулдап, 1000ден ашуун адам жаракат алды. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттиги билдирди.

Силкинүү Ооганстандын түштүгүндөгү Герат провинциясында болгон. Европа-Жер ортолук деңиз сейсмология борбору (EMSC) берген маалыматка караганда, силкинүү күчү 6.4 баллга жеткен.

Кечээ, маалымат булактары Герат провинциясынын Коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин директору Мохаммад Талеб Шахиддин маалыматына таянышып, 120 адам каза болгонун жазышкан.

Жер силкинүүдөн айрыкча провинциянын Зенда Жан району көбүрөөк жабыркап, бир нече үй кыйрап калган.

Бириккен Улуттар Уюму зилзаладан жабыркаган аймактарга жардам жөнөтүүгө даяр экендиктерин кабарлашты.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM