Connect with us

Нарында эгин аз болгондуктан, Орусиядан арпа сатып алышты

Кыска кабар | 8 Окт 2023 | 225 | 0

Нарында эгин тартыштыгын жоюу максатында Орусиядан арпа ташып келип жатышат. Бул тууралуу Президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Алынган маалыматка караганда, быйылкы аба ырайына байланыштуу Нарында арпанын түшүмү гектарына 30 центнерден гана айланып, жалпы 228 миң 796,4 тонна (былтыркы жылдан 52 миң 683 тоннага аз) жыйналган. Мындан улам облус жетекчилиги Орусиядан арпа сатып алып келүү чечимин кабыл алышкан.

Учурда сырттан алынган арпанын баасы килограммына 21 сомдон коюлуп, Ат-Башы районуна 450 тонна, Ак-Талаа районуна 180 тонна, Нарын районуна 95 тонна сатылган. Ушу тапта Жумгал, Кочкор райондоруна да ташып келүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылды.

Аны менен катар силос даярдоо боюнча аракеттер көрүлүп жатканы кабарланды. Бүгүнкү күнгө карата Нарын районунун Учкун айылында силос ачытылып, килограммы 8-10 сомдон жалпы 350 тонна сатылган. Ал эми сырттан алып келген силостун баасы 8-13 сомдон болуп жатат.

Нарын облусунун жетекчилиги Орусиядан алынган арпа жана өлкөдө даярдалган силос боюнча айыл өкмөт башчыларына, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына кайрылууга чакырып, жер-жерлерге суроо-талапка жараша жеткирилип берилерин эскертет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM