Биз менен байланышыңыз

Догдуркүл Кендирбаева билим берүү министри болуп дайындалды

Кыска кабар | 6 Окт 2023 | 206 | 0

Догдуркүл Кендирбаева Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгонун Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Догдуркүл Кендирбаеваны Президент 28-сентябрда билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу кылып дайындап, министр кызматына бекитүүгө макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке жөнөткөн. Парламент 5-октябрда өткөн жалпы жыйынында талапкерди дайындоо сунушун колдоп беришкен.

Бул кызматты ага чейин аркалап келген Каныбек Иманалиевди 7-сентябрда Президент «тапшырылган эмгек милдеттерин татыктуу аткарган жок» деген жүйө менен ишинен бошотуп, ордуна орун басары Уланбек Усековду убактылуу милдетин аткаруучу кылып бекиткен.

Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна 1965-жылы 25-июлда Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылында туулган. 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин «тарых жана коомдук илимдер мугалими» адистигинде аяктаган.

Алгачкы эмгек жолун 1982-жылы «Оргочор» совхозунда иштөөдөн баштаган. 1987-1997-жылдары Оргочор айылынын Ю. А. Гагарин орто мектебинде тарых, экономика сабактарынан мугалим болуп иштеген.

1997-2001-жылдары Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институтунда облустук мектептерди башкаруу жана инвестиция тартуу лабораториясында жетекчи, 2001-2022-жылдары Азия өнүктүрүү банкынын «Коомдук алкакта балдарды жаштайынан жетилтүү» долбоору боюнча аймактык билим берүү жаатында облустук консультант, 2002-2003-жылдары Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча облустук институтта лаборатория башчысы, методист, 2003-2004-жылдары Жети-Өгүз районунда акимдин биринчи орун басары, 2004-2007-жылдары Ысык-Көл облустук билим берүү башкармалыгында жетекчи, 2007-2012-жылдары Ысык-Көл облустук Билим берүү институтунда облустук билим берүү уюмдарынын директору, координатору, 2012-2014-жылдары билим берүү жана илим министринин орун басары кызматтарын аркалаган. 2014-жылдын сентябрь айынан бери «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунда аткаруучу директор болуп иштеп жаткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM