Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында жумуш жана кесип жарманкеси өттү

Кыска кабар | 5 Окт 2023 | 232 | 0

Иш-чарада жаңы карьералык мүмкүнчүлүктөрдү ача турган, Joop Bar аттуу жумуш издөө боюнча инновациялык платформанын ачылышы өткөрүлдү. 170тен ашуун жумуш издеген жаштар менен 25 жумуш берүүчү компаниялар бир аятнчада чогулуп, жаштар JoopBar платформасы аркылуу тандаган кесиптеги бош орундарга тапшырды.

Жарманкеге катышкан Forester ишканасынан кадрларды тандоо бөлүмүнүн адиси Түркбаева Айтбүбү JoopBar платформасы тууралуу ою менен бөлүштү.

«Бизде 200дөн ашык жумушчу бар жана биз жумушчуларды ар дайым издегендиктен жумушчу табуу кыйынчылык жараткан учурлар көп болот. JoopBar тиркемесин бүгүнкү иш-чарада ачып, колдонуп көрдүм. Ачык, колдонгонго оңой, бизге ылайыктуу жумушчуну тапканга бардык опциялар бар экен жана телефондо колдонулгандыктан көп адамга жеткиликтүү. Кыскасы менин жумушумду абдан жеңилдетет экен». 

Жумуш издеген жаштардын дээрлик көпчүлүгү «Жаннат» мейманканасы сыяктуу ишканаларга жумушка орношуу баскычтарынын акыркысы болгон аңгемелешүүгө өтүштү. Иш-чарада иш берүүчүлөр жумушка орношууда керектүү талаптар тууралуу маалымат менен бөлүшүп, жумуш издөөчүлөр жөндөмдөрүнө жана алдыга койгон карьералык пландарына жараша ыңгайлуу кесип тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Жарманке Ага Хан Фондунун USAID тарабынан каржыланган «Жергиликтүү өнүгүү» долбоору тарабынан уюштурулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM