Биз менен байланышыңыз

«Жунда» заводун кайра иштетүүгө аракет көрүлө баштады

Кыска кабар | 5 Окт 2023 | 148 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы «Жунда» мунай заводуна барып, анын алкагында Кытайдан заводду калыбына келтирүү жана модернизациялоо үчүн Кыргызстанга келген жумушчу топтун эксперттери менен жолукту.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, анын жакында эле Кытайдын Шэньси провинциясына болгон жумуш сапарынын алкагында «Жунда» заводун ишке киргизүүгө багытталган иштерди жандандыруу боюнча макулдашуу жетишилген.

«Биз заводдун тезирээк ишке киришине кызыкдарбыз, көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн кыргыз тараптан бардык чаралар көрүлөт», – деди Бакыт Төрөбаев.

Өз кезегинде жумушчу топтун жетекчиси Чжан Лиган Кытай тарап заводдун ишин жандандыруу боюнча далилдүү чараларды көрөрүн, ошондой эле акырындык менен модернизациялоону баштаарын айтып, Кыргызстанга кесипкөй техникалык эксперттердин тобу келерин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM