Бүгүн, 5-октябрь саат 14:00гө карата кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Ак-Тилек» жана «Кен-Булуң» өткөрмө бекеттеринде унаалардын топтолуусу байкалууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти

Маалыматка ылайык, «Кең-Булуң» постунун алдында 121, ал эми «Ак-Тилек» постунун алдында 395 унаа кезекте турат.

«Жүк ташуучу унаалардын топтолушу Кыргызстандан башка өлкөлөргө айыл чарба продукциясын экспорттоонун сезондук өсүшү менен байланыштуу болууда», — деп айтылат маалыматта.

Мекеменин маалыматына караганда, ошол эле учурда кыргыз тарапта да, казак тарапта да унаалардын өтүшүнө эч кандай чектөөлөр жок, өткөрүү пункттары кадимки режимде иштеп жатат.