Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Алтынбек Ибраимов (Алтуха) үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.
Соттун 4-октябрдагы чечими менен Алтынбек Ибраимовго карата камакка алуу түрүндөгү жаза чарасы 26-октябрга чейин үй камагына чыгаруу чарасына алмаштырылды.
Бир күн мурун «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлүп, аны кармоо учурунда каза болгон.
Сөөгү бүгүн, 5-октябрда жерге берилет.