Биз менен байланышыңыз

Ош: Ноокатта да митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Кыска кабар | 4 Окт 2023 | 183 | 0

Ош облусунун Ноокат районунда да митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, райондук милиция сотко кайрылып, коопсуздукту камсыздоо үчүн митингдерге тыюу салууну өтүнгөн. Анда 7-октябрдан 7-ноябрга чейин калктын массалык топтолуусуна тыюу салууну суранган.

Буга чейин Ош облусунун Өзгөн районунда жана Чоң Алай районунда 8-ноябрга чейин митингдерди өткөрүүгө тыюу салынган. Райондук администрациянын, жергиликтүү мэриянын, шаардык маданият үйүнүн, айыл өкмөттөрдүн имараттарынын жанында, стадиондордо, коомдук жайларда, айылдарда жыйындарды, тынч акцияларды өткөрүүгө болбойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM