Биз менен байланышыңыз

Балбан Акжол Махмудов Азия оюндарынын чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 4 Окт 2023 | 787 | 0

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын чемпиону болду. Ал грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинки салмак ченинде катышкан.

Махмудов 1/4 финалдан баштап, Камбоджа менен Казакстандын спортчуларын утуп, финалга чыкты.

Чечүүчү беттеште Ирандын өкүлү Амин Кавиянежад менен күч сынашты. Махмудов жеңишке жетип, алтын медаль тагынды.

Акжол Махмудов 2018-жылы Индонезияда финалга чейин жетип, бирок чечүүчү беттеште ирандык Мохаммадали Гераейге утулуп калган.

Бүгүн балбан Жоламан Шаршенбеков да Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында чемпион болду. 

Өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев болсо Азия оюндарында коло медалга татыды.

Ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM