Биз менен байланышыңыз

Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарында алтын утту

Кыска кабар , Спорт | 4 Окт 2023 | 398 | 0

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында чемпион болду. Ал грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммга чейинки салмак ченинде 1/8 финалдан баштап катышкан.

Финал бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө болду. Анда Жоламан Шаршенбеков япониялык Аята Сузукини 7:6 эсебинде утту.

Биринчи кармашта Тажикстандын спортчусун жеңип, андан соң Түштүк Корея менен Өзбекстандын балбандарын уткан.

4-октябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер өтүүдө. Мелдештин биринчи күнүндө төрт кыргызстандык килемге чыкты.

Ушул күндөрү Азия континентинен 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Ага Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча барган.

24-сентябрда башталган Азия оюндары 8-октябрга чейин уланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM