Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунда 665 млн сом каржылык бузуулар болгон

Кыска кабар | 4 Окт 2023 | 147 | 0

Эсептөө палатасы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан 665 млн сомдон ашуун каржылык бузуулар аныкталганын билдирди.

Палатанын Ысык-Көл жана Нарын облустарын тескеген бөлүмү фонддун 2019-жылдан 2022-жылга чейинки бюджетинин аткарылышы боюнча аудиттик текшерүү жүргүзгөн.

Төрт жылда 17 жол-жоболук бузуулар катталып, жалпы каржылык бузуулар 665 млн 867 млн 400 сом болгон. Анын ичинен:

  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджеттерди аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер — 310 млн 928 миң 900 сом;
  • мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер — 163 млн 448 миң 900 сом;
  • эсеп жана отчёттуулук тартибин бузуулар — 163 млн 572 миң 400 сом;
  • мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамды бузуулар  — 27 млн 917 миң 200 сом.

Калыбына келтирүүгө тийиш болгон 249 млн 47 миң сомдун 152 млн 596 миң 100 сому ордуна коюлган.

Аудиттин жыйынтыгы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциясынын, бөлүм башчыларынын, каржы кызматкерлеринин катышуусунда каралып, анын негизинде Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө жазуу жүзүндө буйрук, сунуш жөнөтүлгөн.

Андан тышкары укуктук баа берүү үчүн УКМКнын Ысык-Көл облустук башкармалыгына төмөнкү документтер тапшырылган:

  • 2019-жылдын 1-январынан 2022-жылдын 31-декабрына чейинки аралыкта Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондундагы бюджеттин аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин Отчёту;
  • COVID-19 пандемиясы учурунда фонддун каржылык колдоосу менен «Дөөлөт Трейдинг» компаниясы 275 миң 600 сомдук 8 миң 750 кг (175 мүшөк) унду, жеке ишкер А.Н. Бектурганов 423 миң 500 сомдук азык-түлүктү Балыкчы шаарынын тургундарына эч кандай тастыктоочу иш кагаздары жок таратканы тууралуу материалдар;
  • К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театрына «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдын талаптарын бузуп, 750 миң сомго техникалык талаптарга жооп бербеген кичибус сатылып алынганы (саткан тарап: «Вертекс Ком» ЖЧКсы) боюнча материалдар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM