Биз менен байланышыңыз

Орусиянын түрмөлөрүндөгү мекендештерди экстрадициялоону тездетүү сунушталды

Кыска кабар | 4 Окт 2023 | 318 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов Орусиянын камактарында жаткан мекендештерди өлкөгө которууну сунуштап, бул боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу өкмөттөн маалымат берүүнү өтүндү.

Анын айтуусунда, Орусияда ар кандай себептер менен абактарда жаткандардын ата-энелери балдарын Украинага согушка жиберилүүсүнөн кооптонуп жатышат.

«Ата-энелер тынчсызданып, ушул жерде отурган ар бир депутатка кайрылып жатышат. Которуу боюнча Башкы прокуратура эмне иштерди жасап жатат? Биздин жарандарды эртерээк экстрадиция кылуу керек. Кайсы укук коргоо органдары иш алып барса да тийиштүү тапшырма берилсин», — деди депутат.

Быйылкы жылдын маалыматына таянсак, ушул күндөрү Орусиянын абактарында 1077 жаран (1205и эркек, 91и аял) отурат. Алардын басымдуу бөлүгү баңгизат колдонуу, таратууга байланыштуу айыпталгандар.

Copyright © 2017 Maral FM