Биз менен байланышыңыз

Кримтөбөлдү кармоо операциясы: Каза болгондор бар экени айтылууда

Кыска кабар | 4 Окт 2023 | 2909 | 0

Бүгүн, 4-октябрда Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаевди (Камчы Асанбек) кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Жеринен кабарчылар билдиргендей, атайын операция учурунда каза болгондор бар болушу мүмкүн. Анткени окуя болгон жерге ритуалдык кызмат көрсөтүүчү унаа да алып келинген.

Ошондой эле бир катар жаракат алгандар да бар экени айтылды. Ал эми кримтөбөл Көлбаевдин жаракат алганы тууралуу маалымат тастыктала элек. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, жеринде үч тез жардам кызматы иштеп жатат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети расмий маалымат бере элек.

Интернетте тараган алдын ала маалыматтар боюнча, Камчыбек Көлбаевди «Блондер» кафесинде кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлүүдө. Жерине башкы прокурор Курманкул Зулушев, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да барганы кабарланды.

Кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев 2020-жылы 21-октябрда УКМК тарабынан Бишкек шаарында кармалган. Ал «Уюшкан кылмыштуу топту түзүү» беренеси боюнча айыпталган. Көлбаев 2-ноябрь күнү ден соолугуна байланыштуу №47 абакка которулган. Март айында чет жакка кетпөө тил катынын негизинде абактан бошотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM