Кыргызгидромет билдиргендей, 4-октябрга караган түнү жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +18…+23,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +12…+17,
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +15…+20.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +23…+25 градус болот.