Биз менен байланышыңыз

Бишкекте айыл чарба тармагында көргөзмө өтөт

Кыска кабар | 3 Окт 2023 | 390 | 0

20-22-октябрда Бишкектеги эски аянтта «АгроТехЭкспо-2023», «Органик Экспо-2023» республикалык агроөнөр жай көргөзмөсүн жана «Алтын күз» азык-түлүк жарманкесин өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин Айыл чарбасын механикалаштыруу, кооперация жана инновациялык технологиялар департаментинин директору Нурлан Кожогулов кабарлады.

Көргөзмөдө айыл чарба техникасынын жана кайра иштетүү өнөр жайынын дүйнөлүк үлгүлөрү, жаңы инновациялык технологиялар, үрөндөрдүн сорттору, жер семирткичтердин түрлөрү, ветеринардык препараттар, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, агрохимикаттар, энергетикалык каражаттар, асыл тукум жаныбарлардын породалары жана башка айыл чарба товарлары көрсөтүлөт.

Анын алкагында жарандарга айыл чарба продукциясынын бардык түрүн сатуу үчүн «Алтын күз» жарманкеси уюштурулат, анда бардык каалоочулар эт, бал, жашылча-жемиштерди дүң баада сатып ала алышат.

Көргөзмө жана жармаңкеге үч күндүн ичинде өлкөнүн бардык облустарынан 15 миңден ашык дыйкандын келүүсү күтүлүүдө.

Иш-чарага катышуу маселеси боюнча Бишкек шаарынын Киев көчөсү, 96а дарегиндеги имараттын 712-иш бөлмөсүнө кайрылыңыздар. Тел. (996-0312) — 664509, 623629, 664481. E-mail: tehinspekzia@mail.ru

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM