Биз менен байланышыңыз

Назирбек Бөрүбаев: Кыргыз-тажик чек арасына чекит коюла элек

Кыска кабар | 3 Окт 2023 | 8443 | 0

Кечээ социалдык тармактын айрым колдонуучулары Ташиев менен Ятимовдун документке кол коюп жаткандагы сүрөттөрүн жарыялашып, Тажикстан менен чек ара толук такталып, «тарыхый чечим кабыл алынганын» жазып чыгышкан.

Азыр жөн гана сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, чек арага толук чекит коюлбаганын Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев «Маралга» кабарлады.

«Толук чечиле элек да, чек ара маселеси бир күндө чечилбейт. Кечээ принциптери гана макулдашылды. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, толук, кененирээк маалымат бере албайм. Маалымат берсем, сүйлөшүүлөргө залакасы тийип калат. Толук чекит коюла элек, сүйлөшүүлөр 8-октябрга чейин уланат». 

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жыйыны болгонун ырастады.

Кыргызстандын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Тажикстандын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектөөдө.

«Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча олуттуу пикир алмашуу болду. Делегациялардын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелерде өтүшүн андан ары сыпаттоону активдештирүү зарылдыгы тууралуу толук түшүнүшүү менен жумушчу топторго тийиштүү тапшырмаларды беришти. Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду», — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM