Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жолугушуу болуп өткөнү айтылды

Кыска кабар | 2 Окт 2023 | 388 | 0

Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн делегацияларынын жолугушуусу болгону айтылды.

Сүйлөшүүгө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМКсынын жетекчиси Саймумин Ятимов жана эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын башчылары, элчилер жана Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчилери да катышкан. Буга байланыштуу сүрөттөр социалдык тармактарда жарыяланды. Бирок өкмөттүн басма сөз кызматы расмий маалымат тарата элек.

 Жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча кеңири пикир алмашуу болгону, делегациялардын башчылары чек аранын долбоордук линиясынын калган тилкелериндеги иштерди активдештирүү зарылчылыгын билдиришип, жумушчу топторго тиешелүү тапшырмаларды беришкени, топографиялык жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топтор чек аранын калган участокторунда долбоордук линияны сыпаттоо иштерин улантат, — деп айтылат Тажикстандын ТИМи тараткан маалыматта.

Соцтармакта айрым блогерлер Тажикстан менен чек ара толук такталып, “тарыхый чечим кабыл алынганын” жазууда. Алар Ташиев менен Ятимовдун документке кол коюп жаткан сүрөттөрүн чыгарышкан.

Copyright © 2017 Maral FM