Connect with us

Кендирбаева Кочкор районундагы мектептердин бирине күтүүсүз барды

Кыска кабар | 2 Окт 2023 | 265 | 0

Бүгүн, 2-октябрда Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева Кочкор районундагы Семиз-Бел айылындагы А.Бостонов атындагы орто мектепке күтүүсүз барып, анын иши менен таанышты.

Мекемеден билдиришкендей, алгач ал 11 жана 6-класстардын тарых, англис тили сабагына катышып, андан соң орус тили сабагына кирип, балдар менен баарлашты.

Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева мугалимдер жамааты менен жолугушуп, аймактардагы билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, алдыңкы методикалык ыкмаларды өздөштүрүү тууралуу пикир алышуу болду.

«Мугалим балдарды билим алууга шыктандыруусу керек, сабак өтүүдө жаңы ыкма, технологияларды колдонуубуз зарыл. Мугалим комиссия үчүн жасалма сабак өтпөстөн, ар бир сабакка чыгармачыл мамиле жасоону адатка айлантуусу тийиш», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM