Биз менен байланышыңыз

Бишкекке Европа жана Америкадан туристтер келди

Кыска кабар | 2 Окт 2023 | 281 | 0

Бүгүн, 2-октябрда Бишкекте жайгашкан Бишкек-2 темир жол бекетине Америкадан жана Европадан туристтер келди. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Конокторду кыргыз улуттук күүсүнүн коштоосунда уюштуруучулар жана ишкананын кызматкерлери тосуп алышты.

Жалпысынан поезд менен 62 турист келди. Кыргызстанга ушуну менен 4-туристтик поезд келип жатат. Келген коноктор бүгүн Бишкек шаарын кыдырып, андан соң «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына барышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM