Биз менен байланышыңыз

«Чет элдик өкүл» мыйзамынын долбоору ЖК комитетинин күн тартибине кирди

Кыска кабар | 2 Окт 2023 | 314 | 0

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети 3-октябрдагы жыйынында «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карайт.

Жыйын саат 14:00гө белгиленген.

«Чет элдик өкүл» түшүнүгүн киргизүү сунушталган мыйзам долбоорунун демилгечилери катары төмөнкү депутаттар көрсөтүлгөн:

Надира Нарматова, Жылдыз Садырбаева, Гүлшаркан Култаева, Жаныбек Кыдыкбаев, Шайырбек Ташиев, Нурбек Алимбеков, Кундузбек Сулайманов, Карим Ханжеза, Жусупбек Коргонбай уулу, Айбек Маткеримов, Таалайбек Сарыбашов, Фархат Исмаилов, Аманкан Кенжебаев, Искендер Матраимов, Замирбек Мамасадыков, Нурлан Ражабалиев, Алишер Эрбаев, Жеңишбек Токторбаев, Максатбек Сарбагышев, Султанбай Айжигитов, Айгүл Айдарова, Элдар Сулайманов, Акылбек Түмөнбаев, Динара Исаева, Арсланбек Малиев.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча» мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 19-майда каттоого алынган.

Мыйзам долбооруна демилгечи болгон топтон айрым депутаттар чыгып кеткен.

2022-жылы «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынын депутаты Надира Нарматова 2016-жылы каралып, колдоо таппай калган бейөкмөт уюмдарга «чет элдик агент» макамын берүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун кайрадан демилгелеген.

Документте бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жана мамлекеттик каттоону жөнгө салган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган.

Юристтер бул мыйзам долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигине, жарандык жана саясий укуктарды жайылтуу менен алектенген бейөкмөт уюмдардын ишине коркунуч жаратарын белгилешет.

16-сентябрда 120 бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаттарын «чет элдик агент» жөнүндөгү мыйзамды четке кагууга чакырышты. Алар өздөрүнүн кайрылуусун социалдык тармактарга жарыялашкан.

Copyright © 2017 Maral FM