Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө «Айымдардын ден соолугу» өнөктүгү жарыяланды

Кыска кабар | 29 Сен 2023 | 160 | 0

Саламаттык сактоо министрлиги швейцариялык долбоордун колдоосу менен «Айымдардын ден соолугу» бир айлык өнөктүгүн жарыялаганын кабарлады.

Бир айлыктын алкагында ар кандай терс адаттардан улам пайда болгон жугуштуу эмес оорулардан сактануу чаралары, ооруп калса, дарылануу жолдору түшүндүрүлөт. Ошондой эле өнөктүктүн алкагында баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдары алдын ала кезекке жазбастан, аялдарды текшерүүдөн өткөрүп, кеңеш беришет.

Швейцария өкмөтү каржылаган «Кыргызстандагы жугуштуу ооруларды болтурбоо» долбоору алгач Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарында ишин баштаган. Учурда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, Бишкек, Ош шаарларында иш алып барууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM