Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы Оштогу XIX кылымда курулган абакка барды (сүрөт)

Кыска кабар | 29 Сен 2023 | 620 | 0

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ош облусуна жасаган иш сапарында Ош шаарындагы №5 тергөө абагына барды. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жаза аткаруу мекемесинин кызматкерлери абак 1890-жылдары курулганын, кезинде Алымбек датканын уулу Камчыбек да ушул түрмөгө камалганын айтып беришкен.

Андан тышкары 500 адамга ылайыкталган бул түрмөдө учурда 367 адам кармалып турганын маалымдашкан. А бирок акыйкатчы кыдырып жүрүп, төрт адамдык камерада сегиз адам камалып жатканына күбө болгон.

Камактагылар менен сүйлөшүүдө алар шарттарына нааразычылык билдиришкен эмес, бирок укуктарын коргоп берүүнү өтүнүшкөн.

Акыйкатчы аппараты берген маалыматка караганда, түрмөнүн имараты өтө эле эскирген, дубалдары ным тартып турат.

Жамиля Жаманбаева жагдайды жетекчилик менен талкуулап, мындай шартта кармоо адам укугун бузуу болуп эсептелерин эскертип, түрмөнү тезинен шаар сыртына көчүрүүнү Министрлер кабинетинен талап кылган.

Аны менен катар, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына да барып, ал жердин шарты менен таанышкан.

Ал жерден өзүн жактоочумун деп тааныштырган аял укугу бузулуп жатканына даттанган. Ал «бейбаштык» беренеси менен акыйкатчы келерден жарым саатча мурдараак камакка алынганын кызматкерлер билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM