Биз менен байланышыңыз

Кремль орус армиясына ыктыярчыларды тарта турган болду

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Сен 2023 | 240 | 0

Орусия президенти Владимир Путин Коргоо министринин орун басары Юнус-Бек Евкуров жана «Вагнер» менчик аскердик тобунун мурдагы штаб башчысы Андрей Трошев менен жолугушту.

«Акыркы жолку жыйында түрдүү аскердик тапшырмаларды аткара ала турган, биринчи кезекте «атайын аскердик операция» зоналарында ыктыярчылар тобун түзүү тууралуу кеп кылганбыз. Сиз өзүңүз да мына ушундай топто бир жылдан ашык согуш талаасында жүрдүңүз. Бул кандай экенин, аны кантип ишке ашыруу зарылдыгын, аскердик операциялардын алдынан кандай согуш тактикалары колдонуларын сиз жакшы билесиз», — деген пикирин Владимир Путин «Вагнер» менчик аскердик тобунун мурдагы штаб башчысы Андрей Трошевге билдирди.

Путиндин айтымында, «атайын аскердик операциялардын катышуучулары» үчүн, тактап айтканда, ыктыярчылар жана аскерлер үчүн социалдык камсыздоо топтомдору, шарттар бирдей түзүлөт.

Буга чейин ЖМКда өргүүдөгү полковник Андрей Трошев «Вагнер» тобунун негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин «мураскору» катары көрүлүп жатканы айтылган.

Ал эми Кремль Трошев учурда Коргоо министрлигинде иштеп жатканын билдирди. Песковдун айтымында, ал министрликте иштеп баштаган. Бирок кызматы так айтылган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM