Биз менен байланышыңыз

Ошто адвокат аял «жигитти сабап салган» деген шек менен кармалды

Кыска кабар | 29 Сен 2023 | 394 | 0

Ош шаарында адвокат Айсулуу Жапар кызы кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарынын 1990-жылы туулган тургуну 11-сентябрда милиция бөлүмүнө кайрылып, адвокат аял сабап салганын айтып, арыз жазган. Бул боюнча медициналык экспертиза дайындалып, алар «жигиттин ден соолугуна зыян келген» деген корутунду чыгарып беришкен.

Ош шаардык милициясы корутундунун негизинде Айсулуу Жапар кызын суракка чакырышкан. Ал оозеки да (телефондон), жазуу жүзүндөгү да чакырууларга келбей койгондуктан, ШИИБ кызматкерлери үйүнөн күчкө салып алып келүүгө мажбур болушкан.

Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен иш козголуп, соттун чечими менен бир айга камакка алынган.

«Турмуш» басылмасы жазган маалыматка караганда, Айсулуу Жапар кызы акыркы убактарда социалдык тармактар аркылуу бийликти сындаган кайрылууларды жасап келген. Көп жылдардан бери жактоочулук менен алектенет. Юстиция министрлигинин сайтындагы жактоочулардын реестринде каттоодо турат. Төрт баланын энеси, бир баласы майып.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM