Биз менен байланышыңыз

Дзюдо боюнча Азия оюндарынын жеңүүчүсү Эрлан Шеров Кыргызстанга келди

Кыска кабар | 29 Сен 2023 | 250 | 0

Бүгүн, 29-сентябрь күнү Ханчжоу шаарында (Кытай) өтүп жаткан дзюдо боюнча Азия оюндарынын жеңүүчүсү Эрлан Шеровду «Манас» аба майданында салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү. Спортчулар менен кошо машыктыруучулары да мекенге кайтты.

Чемпионду аэропорттон Президенттин администрациясынын жана Дене тарбия жана спорт департаментинин кызматкерлери, Дзюдо федерациясынын өкүлдөрү, жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Эскерте кетсек, Эрлан Шеров Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында өзүнүн салмак ченинде алтын медаль утуп алган. Спортчу 90 кг чейинки салмак ченинде беттеш өткөрүп, алгач Кытайлык спортчуну 1:0, чейрек финалда Ливандык атаандашын 10:0 эсебинде жана жарым финалда БАЭлик спортчуну жеңип финалга жолдомо алган.

Чечүүчү финалдык беттеште өзбекстандык Давлет Бобонов менен күч сынашып, жыйынтыгында жеңүүчү болуп, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу дзюдо боюнча Азия чемпиону аталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM