Биз менен байланышыңыз

Экс-рефери Нурдин Букуев «Гиннес» рекорддор китебине кирди

Кыска кабар , Спорт | 29 Сен 2023 | 465 | 0

Футзал боюнча Кыргызстандын экс-рефери Нурдин Букуев «Гиннес» рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.

Маалыматта Нурдин Букуев футзал боюнча Дүйнө чемпионаттарын эң көп тейлеген калыс катары рекорд коюп, жогорку көрсөткүчкө жеткен жалгыз рефери экени айтылат. Анын эсебинде Бразилия-2008, Таиланд-2012, Колумбия-2016, Литва-2021 Дүйнө биринчиликтери да бар.

Ал соңку ирет ФИФАнын рефериси катары 2021-жылы Литвада өткөн футзал боюнча Дүйнө чемпионатына калыстык кылган. Оюндун финалында Аргентина менен Португалия курама командалары беттешкен. Анда Португалия курамасы жеңишке жетип, сыйлоо аземинде Букуев жетектеген калыстар тобу ФИФАнын президенти Жанни Инфантинонун колунан сыйлык алышкан.

Нурдин Букуев спорттук карьерасын 1996-жылы баштаган. 2006-жылы эл аралык деңгээлдеги калыс болгон. 2012-жылы, 2019-жылы, 2021-жылы «Кыргызстандын футзал боюнча мыкты калысы», 2013-жылы «Азиянын футзал боюнча мыкты калысы» болгон. Калыстык карьерасын аяктагандан кийин Азия футбол конфедерациясы атайын сыйлык тапшырган.

Учурда Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы кызматын аркалап келет. 2022-жылы мамлекеттик «Даңк» медалы менен сыйланган.

Нурдин Букуевге «Гиннес» рекорддор китебинин тастыктамасы 21-ноябрда тапшырылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM