Биз менен байланышыңыз

Япон адистер Кыргызстандын каржы саясатын иликтөө үчүн келишет

Кыска кабар | 29 Сен 2023 | 212 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Япониянын финансы министринин орун басары Масато Канда менен Бишкектеги Өкмөт үйүндө жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Кездешүүдө Акылбек Жапаров учурда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүү боюнча зарыл чаралар көрүлүп жатканын, жогорку технологияны өнүктүрүү, атаандаштыкка жөндөмдүү экспорттук тармакты өнүктүрүү, мамлекеттин экономикасын камсыз кылууда өнүктүрүүнүн экспорттук-чийки заттык түрүнөн өндүрүш-инновациялык түрүнө өтүү милдети коюлганын айтып берген.

Андан тышкары Япония автомобиль чыгаруу, кеме куруу, курулуш, металлургия, энергетика, робототехника, тамак-аш өнөр жайы сыяктуу тармактар өзгөчө өнүккөнүн эске алып, бул жаатта кызматташуу ниетин билдирген. Ошондой эле Кыргызстанда япон эмгек рыногунун талабына жооп берген адистерди даярдап чыгарууну сунуштаган.

Айта кетсек, Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) 2011-жылы Кыргызстанга «Бир айыл-бир продукт» долбоорун баштаган. Учурда бул  долбоорго «улуттук» макамы берилген.

Японииянын финансы министринин орун басары Масато Канда сунуштарды колдой турганын айтып, жакын арада Кыргызстандын каржы саясатын иликтөө үчүн адистерди жөнөтөрүн маалымдаган. Ошондой эле эл аралык каржы институттары аркылуу (Азия өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы сыяктуу) гранттарды, жеңилдетилген насыяларды берүүгө даяр экенин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM