Биз менен байланышыңыз

«Дордойдун» маршруткалары жол кирени тарифтен ашырып жиберишкен

Кыска кабар | 29 Сен 2023 | 1068 | 0

Бишкек мэриясына караштуу Транспорт департаменти «Дордой» базарына каттаган коомдук унааларга текшерүү жүргүздү.

«Дордойдун» башкы өтмөгүндөгү унаа коюучу жай «ДордойТранс» компаниясына караштуу №252, №226, «ТрансКомЮнити» компаниясына караштуу №230, «Советбригады» компаниясына караштуу №203, «ДордойБис» компаниясына №234 маршруттук таксилердин акыркы аялдамасы болуп эсептелет.

Мэриянын басма сөз кызматы берген маалыматка караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө маршруттук таксилер аралыкты жана убакытты сактабай, башаламан келип-кетип турушканы аныкталган. Андан тышкары №226, №234, №252, №230 каттамдар жол киресин өзүм билемдик менен мэрия бекитип берген тарифтен ашырып жиберишкен.

Жыйынтыгында маршруттук каттамдарды тейлеген компанияларга бул иш кайра кайталана турган болсо, катаал чаралар көрүлөрү эскертилген.

Маалым болгондой, Бишкек мэриясы «ДордойТранс» жана «ТрансКомЮнити» компаниялары менен болгон келишимди токтотуп, алар тейлеген маршруттук таксилер Транспорт департаментине караштуу «БЭК» мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM