Биз менен байланышыңыз

Кытай геологдору Кыргызстандын кендерине чалгындоо жүргүзөт

Кыска кабар | 29 Сен 2023 | 221 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайга болгон иш сапарынын алкагында «Шэньси» көмүр-химиялык корпорациясына караштуу «Жунда» ишканасынын жетекчиси Чжан Веньци менен жолугушту.

Анда тараптар Кара-Балта шаарындагы «Чайна Петрол» компаниясы иштеткен «Жунда» мунай заводун жаңылоо иштеринин экинчи баскычын баштоону, өнөр жай тармагында кызматташуу маселесин сүйлөштү.

Кытай тарап Шэньси аймагынын Өкмөтү «Жунда» долбоорун улантууга өзгөчө көңүл буруп, атайын жумушчу топ түзгөнүн айтып беришти.

Бакыт Төрөбаев аны менен катар «Шаньси» геологиялык чалгындоо корпорациясынын өкүлдөрү менен кездешти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы геологиялык чалгындоо, тоо-кен тармактарындагы иштерди жаңы деңгээлге чыгаруу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Кыргызстандын аймагында геологиялык чалгындоо жүргүзүү долбоорлорунда биргелешип иштөө жана эл аралык талаптарга жооп берген заманбап лаборатория куруу макулдашылды. Бул максаттарды жүзөгө ашыруу үчүн корпорациянын адистери жакынкы убактарда Кыргызстанга келе турган болушту.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM