Биз менен байланышыңыз

Жапаров Догдуркүл Кендирбаеваны министрликтин жамаатына тааныштырды

Кыска кабар | 28 Сен 2023 | 224 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинин жамаатына жаңы министрдин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаеваны тааныштырды.

Жапаров билим берүү тармагында масштабдуу реформалар жүргүзүлүп жатканын белгилеп, жаңы министр ал реформаларды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшаарына ишеним артарын билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 28-сентябрда Догдуркүл Кендирбаева билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков министрдин милдеттерин убактылуу аткаруудан бошотулду.

Президент 7-сентябрда «тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн» деген негизде Каныбек Иманалиевди министрлик кызматынан алган.

Догдуркүл Кендирбаева буга чейин билим берүү жана илим министринин орун басары боулп иштеген. Учурда «Роза Отунбаеванын демилгелери» коомдук фондунун аткаруучу директору.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM