Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Эртең көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Кыска кабар | 28 Сен 2023 | 312 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 29-сентябрда түнкүсүн Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18,

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын  температурасы 12…14, күндүз 20…22 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM