Биз менен байланышыңыз

Токмокто жергиликтүү тургунду опузалап, акча талап кылгандар кармалды

Кыска кабар | 28 Сен 2023 | 309 | 0

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунда жүргөндөр кылмыш үстүндө кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК берген маалыматка караганда, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү И.Ж. жана В.Ш. абакта жаткан Камчы Көлбаев менен сүйлөшүп алышып, Токмоктун тургунун опузалап, 2500 доллар талап кылышкан.

Бул маалымат бирдиктүү реестрге Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап акча талап кылуу) менен катталып, УКМК кызматкерлери ыкчам иликтөөгө өтүшкөн.

Иликтөөнүн натыйжасында айтылган шектүүлөр Токмок шаарынын тургунунан 210 миң сом алып жатышкан жеринен колго түшүрүлгөн.

Учурда шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM