Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш Консоттун чечимин кайра кароо мыйзамын кабыл алды

Кыска кабар | 28 Сен 2023 | 248 | 0

«Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген долбоор Жогорку Кеңеште үч окууда кабыл алынды.

Айта кетсек, мыйзам долбоорун Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Президенттин администрациясы жазып чыккан. Ага ылайык, Конституциялык сот өзүнүн чечимин мамлекет башчынын же төраганын сунуштамасы менен төмөнкү учурларда кайра карап чыгып, зарылчылык жаралса, чечимин өзгөртүшү же жокко чыгарышы мүмкүн:

— чечим кабыл алууга негиз болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченеми өзгөрсө;

— чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;

— чечим элдин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдун аң-сезимине карама-каршы келсе.

Айта кетсек, жарандык активист Алтын Капалова 2021-жылдын январь айында үч баласынын «Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн» өзгөрттүрүп, «атасы» деген графага өзүнүн атын жаздыртканын «Фейсбук» баракчасы аркылуу жарыялаган.

Бул маалымат коомчулукта чуу жаратып, Мамлекеттик каттоо кызматы «Башмыйзамды бузду» деген негиз менен Алтын Капалованы сотко берген. Ошол жылдын 25-августунда Октябрь райондук соту доо арызды канааттандырып, Свердлов райондук Жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) бөлүмү тарабынан Капалованын балдарына берилген күбөлүктөрдү жокко чыгарган. Андан кийин иш Бишкек шаардык сотунда, Жогорку Сотто да каралып, эки баскычта тең Октябрь райондук сотунун өкүмү күчүндө калтырылган.

Капалова андан кийин Конституциялык сотко кайрылып, алар «Бала 18 жашка чыккандан кийин паспортко «атасынын аты» деген графага атасынын же эненин атын жазууну тандоого укуктуу» деген чечим чыгарып берген.

Конституциялык сот бул маселе боюнча түшүндүрмө берип, «Үй-бүлө» кодексинин (63-беренесинин 2-бөлүгү) жана «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамдын айрым ченемдик-укуктук актыларын карап чыгып, Конституцияга каршы келбейт деп табышканын билдирген.

Маселе коомдо катуу чуу жаратып, мындан улам мамлекет башчысы Конституциялык соттун чечимдерин кайра карап чыгышы үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеген.

Жогорку Кеңеш бүгүн кабыл алып берген мыйзам Президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM