Connect with us

Турдубекова: Мамкызматтарда аялдар көбүрөөк болсо, зомбулук азаймак

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2023 | 618 | 0

Коомдогу зомбулуктарды азайтуу үчүн кайсы гана мамлекеттик кызмат болбосун, 50%ы аялзаты болушу керек. Мындай пикирин «Балдар укугун коргоо» лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

«Биз зомбулук болгон учурда көбүнчө статистикага басым жасайбыз. Тилекке каршы, биздин байкообузда 100%дын 2%ы гана милицияга арыз түрүндө жетет. Акыркы Селекцияда болгон окуя аябай өкүнүчтүү. Аселди туугандары «өзүнө келип, сүйлөй баштады» деп айтып жатышат. Бирок мыкаачылыктан жабыркаган ден соолугун сөз менен айтып бере албайсың. «Эмне үчүн мындай акыбалга келдик?» деген суроо пайда болду. Себеби жергиликтүү бийлик, милиция жана коомубуздун көпчүлүк бөлүгү — билимдүү. Ушундай зомбулуктарды азайткан өлкөлөрдү «Булар кандай чараларды көрдү?» — деп карап көрдүк. Көрсө, аларда бийлик менен жарандык коом күчтөрүн бириктирип, чогуу күрөшөт экен. Бул жаатта көптөгөн далилденген негиздер бар», — деди Турдубекова.

Анын айтымында, мындай окуяларды алдын алуу үчүн ИИМдин өзүнүн планы иштелип, жарандык коом менен тыгыз байланышта болушу зарыл. Андан сырткары маалымат булактары аркылуу тез-тезден элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу керек.

«Министрликтин деңгээлинде коомдук кеңештер болушу керек. Тилекке каршы, ошол «коомдук кеңештерди жоёбуз» деген маселе көтөрүлүп жатат. Мындай коомдук кеңештерди жойбоо керек. Өзгөчө ушундай маселеде чогулуп, коомдук кеңеш түзүп, биргеликте иш алып барганда зомбулуктар азаймак. Себеби Аселдин апасы менен сүйлөшүп, «Эмнеге ушул убакытка чейин кайрылбадыңыз?» — деп сурадык. Буга чейин бир нече жолу кат жазып, кимге кайрыларын билген эмес», — деп кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM