2-октябрдан тарта Бишкектен Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарына жана Вьетнамдын Нячанг шаарларына түз каттамдар уча баштайт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
«Жаңы каттамдар Кыргызстан менен башка мамлекеттердин ортосундагы байланышты чыңдап, туризм жана бизнес алмашууну жеңилдетет», — деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, «Бишкек-Шарм-эл-Шейх» багыты боюнча учактар дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү каттайт. Аба каттамдарды Египеттин Red Sea Airlines авиакомпаниясы тейлейт. Чартердик каттам кышкысын үзгүлтүксүз жүрүп турат.
Ал эми Вьетнамдын VietJet Air авиакомпаниясы тейлей турган «Бишкек-Нячанг» аба каттамы 30-октябрдан 30-мартка чейин шейшемби күндөрү учат.