Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай чек арасы эртеңден тарта убактылуу жабылат

Кыска кабар | 28 Сен 2023 | 234 | 0

29-сентябрдан 3-октябрга чейин кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт», «Эркечтам» көзөмөл бекеттери жабык болот. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.

29-сентябрда Кытайда Күздүн ортосу майрамы жана 1-октябрда Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнү белгиленет. Буга байланыштуу 29-сентябрда, андан тышкары 1-октябрдан 3-октябрга чейин чек арадан унааларды, жүргүнчүлөрдү өткөрүү токтотулат.

Чек ара бекеттери 30-сентябрда чектелүү шартта иштейт, ал эми 4-октябрдан тарта кайрадан кадимки тартипте иштөөгө өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM