Биз менен байланышыңыз

Селекциядагы кылмыш: Шектүү 8 жылга кесилди

Кыска кабар | 27 Сен 2023 | 388 | 0

Чүй облустук соту Селекцияда бычакталган келиндин мурдагы күйөөсүн (А.Э.) «зордуктоо» беренеси менен мурда козголгон иш боюнча сегиз жылга эркинен ажыратты. Иш боюнча апелляциялык арыз 27-сентябрда каралганын Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сокулук райондук сотунун 2023-жылдын 17-апрелиндеги чечими өзгөртүлүп, шектүүгө карата пробациялык мөөнөт алынды.

Буга чейин Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун 2022-жылдын 19-октябрдагы токтому менен А.Э карата жабырлануучу А.Н. зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши жабырлануучунун жазуу түрүндө берген тосмо арызынын, мындан тышкары жабырлануучу сот отурумунда айыпталуучу менен элдешкендигине жана ага карата доосу жоктугу ырасталгандан кийин кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылган. Аталган токтом эч ким тарабынан даттанылбай мыйзамдуу күчүнө кирген.

А.Э.ге карата дагы бир кылмыш иши Чүй облусунун Сокулук райондук сотуна түшкөн. Айыпталуучу зордуктоо фактысы менен беш жылга эркиндигинен ажыратылган. Ошол эле учурда сот айыпталуучунун улгайган көзү азиз апасы бар экендигин, ал кароого муктаж экендигин, ошондой эле айыпталуучу менен жабырлануучунун ортосунда эки бала бар экендигин эске алып, КР Кылмыш-Жаза кодексинин 82- беренесинин негизинде пробациялык көзөмөлдү колдонуп, ага карата үч жыл пробациялык мөөнөт белгиленген.

Жабырлануучу бул чечимге макул болбой, апелляциялык даттануу менен Чүй облустук сотуна кайрылган. Соттук иш 2023-жылдын 27-сентябрына белгиленген.

20-сентябрда Селекция айылында 36 жаштагы аял кулак-мурду кесилген, сабалган абалда ооруканага түшкөн. Кылмышка шектүү катары мурдагы күйөөсү, 39 жаштагы жаран кармалган. Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов келинге алгач сегиз сааттык операция жасалганын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM