Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылына Күн электр станциясы курулат

Кыска кабар | 27 Сен 2023 | 158 | 0

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талант Иманов «Күн булагы» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар «50 МВт кубаттулуктагы Күн электр станциясын куруу жөнүндө» долбоор талкууланды. Талкууга Казакстандын TGS-Energy жана «ТГС-Констракшн» компанияларынын жетекчилери да катышты.

Ишкерлер долбоорду жүзөгө ашыруунун жүрүшү жана андагы көйгөйлөр тууралуу айтып беришти. Документке ылайык, 50 МВт кубаттулуктагы станция Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылында курулуп, жалпы 30 млн доллар каражат сарпталат.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору долбоорду ар тараптан колдоого даяр экенин айтты.

Ал эми казакстандык компаниялар долбоорго инвестор болуп берүү ниетин билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM