Биз менен байланышыңыз

28-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 27 Сен 2023 | 605 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 28-сентябрь түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык зонасында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19,

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечинде ала булут каптап, жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 23…25 жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM