Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда санариптик жашоонун сапаты жогоруладыбы?

Коом , Экономика | 26 Сен 2023 | 539 | 0

Surfshark компаниясы дүйнөдөгү өлкөлөрдүн санарип жашоо сапатынын индексин жарыялады. Анда Кыргызстан былтыркы жылга салыштырмалуу 20 позицияга жогорулап, дүйнөдө 71-орунду ээледи. Санариптик жашоо сапатынын индексинде 121 өлкө салыштырылып, беш параметр: интернеттин сапаты, жеткиликтүүлүк, электрондук коопсуздук, электрондук инфраструктура, электрондук өкмөт каралат. Кыргызстан интернеттин жеткиликтүүлүгү жаатында эң жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп, 6-орунду ээледи, эң начар көрсөткүч электрондук инфраструктура, бул жерде өлкө 98-орунда турат. Өлкө электрондук өкмөт боюнча 85-орунда, интернеттин сапаты боюнча 88-орунда, электрондук коопсуздук боюнча 93-орунда турат. Миллиондорду чапчыган санарип тармагынын Кыргызстандагы абалы кандай? Аталган уюмдун көрсөткүчү чындыкка дал келеби? Бул суроолорду эксперттерге берип көрдүк.  

Жалпы индексте Кыргызстан Тажикстандан алдыда экенин көрүүгө болот, кошуна Тажикстан 117-орунда турса, Казакстан 47-орунда турат.

Ал эми Азия чөлкөмүнөн алып карай турган болсок, Кыргызстан 23-орунда турат. Бул аймакта Сингапур лидерлик кылат.

«Кыргыз интернет» коомунун жетекчиси Талант Султановдун пикиринде, 71-орун — орточо көрсөткүч, бирок, кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу бир аз артта. Толук санарипке өтүү үчүн коомчулуктун да жардамы, аракети болушу керек. Аны жакшыртуу үчүн аймактарда санарип көндүмдөрдү түшүндүргөн, үйрөткөн тренингдерди уюштуруу зарыл.

«Жалпысынан Кыргызстан жакшы эле тренд болуп жатат. Бардык тармак боюнча эле аракеттер болуп жатат. Мисалы, Дүйнөлүк банк каржылаган «Digital Casa» долбоору бар, бул аркылуу эмки жылы бардык айыл интернет менен толук камсыз болот. Ошону менен бирге биз санарип көндүмдөрдү өөрчүтүшүбүз керек. Аймактарда ар кандай түшүндүрүү, маалыматты жеткирүү иш-чараларын, тренингдерди өткөрүү зарыл».

Ошондой эле Султанов өлкөдөгү жарандардын бардыгында мобилдик телефон бар экенин эске алып, жаңы иштелип жаткан программалар компюьтерге гана ылайыктабастан, уюлдук телефонго да карап жасалса болмогун айтат.

«Чынында компьютерлер өлкөдө аз. Ошондой эле мектептерде, көпчүлүк үй-бүлөдө компьютер жок. Ошондуктан санарип багытында кандайдыр бир программа иштелип жатса, аны уюлдук телефондорго ыңгайлаштырып жасаса деп ойлойм. Адистер ушул нерсеге көңүл буруп койсо».

Кыргызстандагы ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков компания жарыялаган көрсөткүч менен чыныгы жашоодогу санариптешүү дал келерин айтат. Анткени интернеттин жеткиликтүүлүгү жакшы, бирок аны жеке компаниялар аткарып жатат. Ошондой эле мамлекеттик мекемелер санариптешүү жаатында өз ара кызматташуусу кажет.

«Бул көрсөткүч менен чыныгы жашоодогу көрсөткүч да келет. Себеби ал индексте бир нече багыт боюнча караптыр. Ал жерде интернеттин жеткиликтүүлүгү боюнча жакшы көрсөткүч көрсөткөн, бирок электрондук өкмөт, электрондук инфраструктура төмөнүрөөк экен, бул да чындык. Ачыгын айтканда, жалпы коопчулук, ишкерлер уруксат берүүчү кагаз, маалымкаттарды алууда бюрократияга тушугуп келишерин айтышат. Ошондой эле мамлекеттик мекемелер маалымат, лицензия жана башка каттарды, маалыматтарды алууда санариптешүү жаатында дагы да иштеши керек». 

«Санарип Инсан» долбоорунун өнөктөштүк боюнча өкүлү Ажыбек Нурлановдун айтымында, бул көрсөткүч күтүлгөндөй эле — орточо көрсөткүч.

«Меним оюмча, күтүлгөн эле көрсөткүч. Муну «аябай начар же аябай жакшы» деп айта албайм, орточо көрсөткүч. Албетте, кээ бир тармактар боюнча дагы да аракет кылып, иштөө керек. Акча бөлүнүп жатат, аткарылбай жатат дегенден алыспыз, анткени өнүккөн өлкөлөрдө деле санариптешүү оңой болгон эмес. Санариптешүү технологиясы өзү кымбат турат, ошондуктан санарип тармагы өнүккөн өлкөлөргө да оңой болгон эмес».

Кыргызстанда интернеттин сапаты дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн 16 пайызга төмөн, стационардык интернеттин орточо ылдамдыгы секундасына 55 мегабитти түзөт. Салыштырып айтсак, дүйнөдө эң ылдам стационардык интернет Сингапурда, секундасына 300 мегабит. Ошол эле учурда дүйнөдөгү эң жай стационардык интернет Йеменде, секундасына 11 мегабит.

Башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда интернет абдан жеткиликтүү.

Кыргызстандыктар туруктуу, кеңири интернетке кирүү үчүн айына 30 мүнөт иштеши керек. Бул орточо көрсөткүчтөн азыраак болгону менен, дүйнөдө эң арзан туруктуу интернетке ээ болгон Румыниядан эки эсе көп.

Кыргызстандыктар мобилдик интернетти сатып алуу үчүн айына 35 мүнөт 40 секунд иштеши керек. Бул дүйнөдөгү эң арзан мобилдик интернетке ээ болгон Люксембургдагыдан эки эсе көп (люксембургдуктар аны төлөө үчүн айына 16 мүнөт иштеши керек).

Бул жылы жашоонун сапаты боюнча санариптик рейтингде Франция, Финляндия жана Дания биринчиликти ээледи.

Рейтингдин авторлору белгилегендей, интернет былтыркыга караганда бүткүл дүйнөдө жеткиликтүү болуп калды.

Copyright © 2017 Maral FM