Биз менен байланышыңыз

Күйүүчү майдын кымбатташына эмне себеп болууда?

Коом , Экономика | 25 Сен 2023 | 412 | 0

Кыргызстанда күйүүчү май кескин кымбаттап, бир айда эле 5-6 сомго чейин кошулду. Буга Орусияда мунайдын кымбатташы себеп экенин айтышат адистер. Жыл башынан бери эсептегенде майдын баасы дүңүнөн 50%га, чекене 20%га көтөрүлгөн.

Айдоочу Жолдубай Мусакожоевдин айтымында, май акыркы бир айда  эле 5-6 сомго кымбаттаган. Мындан улам күнүмдүк тапканы  чыгымын да жаппай калып жатат.

«Акыркы айда бензин баасы 5-6 сомго жогорулады. Кыйын эле болуп калат экен. Мисалы, мурда майга 1000 коротсом, азыр 1500 сомдон өйдө сарптап жатам. Андан тышкары унаанын ижарасы, сынган-бүлүнгөн жерлерин оңдоо жана башка чыгымдары бар. Кээде тапканым өзүн такыр эле актабай калган учурлар да болуп калат. Айла жок, иштеп жүрөбүз».

Кошалы Имамназар  уулу да үй-бүлөсүн айдоочулук менен багып келет. Мунай арзаныраак учурда каражаты кенен жетсе, азыр тартыш болуп жатканын айтат.

«Күйүүчү май чынында аябай кымбаттады. Айла жок, ага карабай аракет кылып иштеп жатабыз. Мурда 1000 сомдун тегерегиндеги акчага май куюп, көп акча таап алчумун. Азыр аз болуп жатат. Жок дегенде 50 сомдун тегерегинде кармалып турса, элге деле жакшы болот беле… Ун кымбаттап, нан беш сомго көтөрүлдү. Мындай таризде кете берсе, карапайым элдин жашоосу кыйын болуп калат го».

Орусиядан келген мунайдын баасы жыл башынан бери дүң баада 50%га, Кыргызстандын ичинде чекене баада 20%га өстү. Бир ай мурун болжол менен АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы 50 сомдон ылдый болсо, учурда 60 сомдон ашты. Бул тууралуу  Кыргызстандагы нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди. Андан тышкары учурда Орусиянын мунай өндүргөн 7 ишканасында оңдоо-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан, анан калса, өкмөттөр аралык келишимде былтыркы жылга салыштырмалуу импорттун көлөмү аз бекитилгендиктен, баа туруктуу болбой жатканын кошумчалады. Ошондой эле эгер Орусия бааны жогорулатса, алдыда Кыргызстанда да күйүүчү майдын баасы кымбатташы мүмкүн экенин белгиледи.

«Тилекке каршы, акыркы убактарда Орусиянын заводдорунда күйүүчү май дүң баада жогорулап жатат. Мисалы, август айында 140 долларга чейин бензин группасынын баасы көтөрүлдү. Мындан улам биз жактагы компаниялар кымбат алганына байланыштуу чекене баа өсө баштады. Бүгүнкү күндө АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы 63 сом болуп жатат. Аталган бензин 80% колдонулат. Дизель отуну да кымбаттай баштады, тоннасы эле 850 доллардан алынып жатат. Бизде Орусия мамлекети менен өкмөттөр аралык  күйүүчү майдын көлөмүн бекиткен келишим бар. Быйыл мурдагы жылга салыштырмалуу азыраак көлөмдө бекилип калган болчу, бул нерсе да баанын өсүшүнө таасир тийгизип жатат. Учурда Орусиядагы кесиптештери менен сүйлөшүп, көлөмдү көбөйтүүгө Энергетика министрлигине сунуш бердик».

Учурда Бишкек шаарындагы май куюучу жайларда АИ-92 маркасындагы күйүүчү май 63 сомдон 66 сомго чейин сатылууда. Ал эми  дизель 65-67 сомду түзүп жатат. Албетте, май куюучу жайлардагы мындай айырма компаниянын да деңгээлине жараша болот. Ири компаниялар көп өлчөмдө ташып келгендиктен, буларда май салыштырмалуу арзаныраак сатылат.

Copyright © 2017 Maral FM