Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын үч балбаны дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлдү

Кыска кабар , Спорт | 25 Сен 2023 | 211 | 0

Ушул жылдын 16-сентябрынан 24-сентябрына чейин Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгынын негизинде Дүйнөлүк күрөш уюму да рейтингин жаңылады.

Анда Кыргызстандын үч балбаны Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков өз салмактарында биринчи орунду ээлешти.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмактагы Айсулуу Тыныбекова 111 миң 75 упай топтогон. Ал эми грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмактагы Акжол Махмудов да, күрөштүн ушул эле түрүнөн 60 кг салмакта килемге чыгып жүргөн Жоламан Шаршенбеков да 100 миңден упай чогултушкан.

Булардан тышкары эркин күрөштөн 68 миң упай топтогон Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) жана 82 миң 200 упай топтогон Эрназар Акматалиев (70 кг) экинчи орунду ээлесе, кыз-келиндер күрөшүнөн 72 миң 600 упай топтогон Айпери Медет кызы (76 кг) үчүнчү орунга жазылды.

Ошондой эле эркин күрөштөн 42 миң 600 упай топтогон Алмаз Сманбеков (57 кг) менен грек-рим күрөшүнөн 61 миң 800 упай топтогон Амантур Исмаилов (67 кг) алтынчы орунга, эркин күрөштөн 34 миң 200 упай топтогон Орозобек Токтомамбетов (70 кг) сегизинчи орунга, кыз-келиндер күрөшүнөн 41 миң 300 упай топтогон Мээрим Жуманазарова тогузунчу орунга жазылышып, алдыңкы ондуктун катарына киришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM