Биз менен байланышыңыз

Чикагодо жашаган Гүлназ: Балдарга кыргызча сүйлөйбүз деген «жазылбаган» мыйзамыбыз бар

Коом | 25 Сен 2023 | 302 | 0

Жыл өткөн сайын чет өлкөдө үй-бүлөсү менен жашап иштеген кыргыздардын катары арбый баштады. Алардын көпчүлүгү балдары эне тилин унутуп баратканын айтышат. Чет жерде жүргөн кыргыздар бул көйгөй менен кантип күрөшөт?

Гүлназ Мамытова беш жылдан бери Американын Чикаго шаарында үй-бүлөсү менен турат. Өзү учурда IT-тармагында окуп жатат. Тун уулу 1-класста, кичүүсү бала бакчага барат. Ал балдарынын эне тилин унутуп калбашы үчүн кандай аракеттерди көрөрүн айтып берди. 

Америкага келип, кесибимди өзгөрттүм 

Кыргызстанда журналист болуп иштегем. Бул жакка келгенде кесибимди өзгөртүүнү туура көрдүм. Чет жактан көпчүлүгү башынан, тактап айтканда, нөлдөн баштайт. Буга байланыштуу мен да кайра башынан окууну чечтим. Бул жакка үй-бүлөбүз менен келгенбиз. Тун уулум Кыргызстанда төрөлгөн, экинчиси бул жакта төрөлдү. Улуусу жакында 7 жашка толот, ал эми кичүү уулум 4 жашта.

Балдарды башка коомдо чоңойтууда кооптондум

Кыргыз тилин балдарга үйрөтүү — мен үчүн талылуу, олуттуу тема. Эгер Кыргызстанда жашаганда бул суроо мени өтө түйшөлтпөйт болчу. Бул жакта башка коом, башка тил, дил, жашоо-шарт болгондуктан, бала чоңойтуу — кооптондурган, түйшөлткөн маселе. Анткени канчалык аракет кылба, баланын тили өзгөрө баштайт экен. Кыргыз коомунда чоңойсо башкача болмок. Америкага жаңы келгенде тун уулум 1 жаш 7 ай болчу. Кыргызча түшүнүп, тили кыргызча чыга баштаган. Үч жашка чейин бала бакчага берген жокмун. Үч жаштан кийин бакчага барып, тили бир аз өзгөрө баштады. Андан кийин экинчи уулум төрөлдү. Анын тили дароо эле англисче чыкты.

«Үйдө кыргыз тилинде гана сүйлөйбүз» деген талап койдук

Ошондон кийин аябай кооптоно баштадым. Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп, жазылбаган бир мыйзам киргизип, «үйүбүздө башка тил такыр кошулбайт, башка тилде сүйлөбөйбүз, кыргыз тилинде гана сүйлөйбүз» деп чечтик. Улуу балама «Иниң менен кыргызча сүйлөш, ал кыргыз тилин үйрөнүшү керек, чоң ата-чоң эне, таята-таенеси менен сүйлөшө албай калат», — деп түшүндүрдүк. Ал аларды тааныганы үчүн, колунда жүрүп калганы үчүн кыргыз тилине басым жасап, иниси менен эне тилинде сүйлөшө баштады. Ошентип жатып кичүү баламдын тилин араң кыргызча чыгардык.

Учурда эки уулум тең оюн кыргызча эркин айта алат

Үйдөгү талаптардын бири кыргыз тилинде сүйлөө болгондуктан, учурда уулдарым кыргыз тилинде жакшы эле сүйлөшөт. Оюн кыргызча айта алышат. Мен кыргызча сүйлөгөндө толук кандуу түшүнүшөт. Бирок адабий тилде жомокторду айтып бергенде, алар үчүн бир аз татаал болот. Ал сөздөрдү биз күнүмдүк жашоодо колдонбогондуктан түшүнбөй калышат. Ошол учурда түшүндүргөнгө аракет кылам. Балким ошол учурда эстеп калыбашы мүмкүн, бирок «мээсинде калсын» деген максатта кайталап түшүндүргөнгө аракет кылам. Балдарыма кыргыз тилинде мультфильм коюп берейин дейм, бирок алардын талабындагы мультфильмдерди таба албайм. Азыркы учурдун балдары ал мультфильмдерди көрбөйт, ага алымсынбайт. «Бул нерсе — биздин жетишпегендигибиз» деп ойлом.

Балдарым үйдө англис тилинде сүйлөшсө, көңүл кош мамиле кылбайм

Биз кандайдыр бир ыкмалар менен деле үйрөтпөйбүз. Менин оюмда аларга үлгү катары көрсөтүү керек. Кайдыгер карабай аракет кылып коюу керек. Баланын көзүнө көрсөтүп, кулагына угузуп, кыймыл-аракетиң менен туюндуруп турсаң, таасирдүү болот. Эгер ата-эне үйдө кыргыз тилинде сүйлөбөсө, аракет кылбаса, баланын кыргыз тилин билбей калары турган иш. Биздин үйдө кыргыз тилинде сүйлөө талабы бар. Балдар англис тилинде окуганы үчүн, достору ошол тилде сүйлөгөнү үчүн ойногондо англис тилинде сүйлөө көнүмүш адат болуп калат. Ойноп жатып англисче сүйлөшө кетишет. Ошол учурда ага көңүл кош карабайм. Жасап жаткан ишимди токтотуп, «кыргыз тилинде сүйлөшкүлө» дейм. Ал көп деле убакытты албайт. Жөн гана оозуң менен айтып коёсуң. «Билесиңби, ошол сөз кыргызча кандай айтылат?» — деп сурайм. Отуруп алып үйрөтпөйбүз. Биз менен, бири-бири менен сүйлөшүп, ойноп, жомок угуп жатып үйрөнүшөт. Бир аз чоңоюп калганда отуруп алып, тамагаларды үйрөтөбүз. Аны убакыт көрсөтөт.

Кыргыз тилин унутуп калбоо үчүн аны колдонуу керек

Чет өлкөдө жүрүп, кыргыз тилин унутуп калуу коркунучу бар деп ойлойм. Америкада жүргөн кыргыздарды көргөн, алардын арасында жүргөн адам катары айтат элем: он-он беш жыл мурун келген кыргыздардын балдарынын арасында кыргызчаны түшүнгөнү менен сүйлөй албай калгандары аябай көп. Алар да эр жетип, бой жетип, үй-бүлө курат. Анан алардан төрөлгөн балдардын тил билүүсү кандай болот?

Бул көйгөйдү чечүүнүн жолу – кыргыз тилин колдонуу. Болбосо бара-бара колдонулбаган тил болуп калат. Эгер үй-бүлөдө колдонулбаса, ата-эне колдонбосо, балдары колдонбойт. Ошондуктан ар бир ата-эне өзү аракет кылышы керек. Балдарынан талап кылып, үйрөтүшү керек. Кыргызча кинолорду, мультфильмдерди көбөйтүү керек. Кээде үй-бүлөбүз менен «кино саатын кылалы, кино көрөлү» деген учурда улуу балам: «Кыргызча көрөлү», — деп калат. Бирок «тил тандоо жери» дегенде кыргыз тили жок. Кыргыз тили жок деп айтуудан уялып кетебиз. Бизде котормочулар көп. Кыргыз тили кирип калса, жакшы болмок. Кыргызстанда да азыркы жаштардын талабына ылайык мультфильмдер, кинолор көбөйсө, аябай жакшы болмок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM