Биз менен байланышыңыз

Үч күн мурун ишине кайткан башкы дарыгер кызматынан кайра алынды

Кыска кабар | 25 Сен 2023 | 1346 | 0

Коррупцияга шектелип кармалып, кийин кызматына кайтып келген Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев кайра кызматынан алынды. Тиешелүү буйрукка министр Алымкадыр Бейшеналиев кол койгонун Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Токтобай Маанаев 22-сентябрда мурунку кызматына кайра дайындалган. Бүгүн ал буйрукту эмне себептен жокко чыгарганын министр Бейшеналиев мындайча түшүндүрдү:

«АКШда иш сапарда жүргөнүмдө милдетимди убактылуу аткарып жаткан орун басарым Маанаевди кызматына кайтарыптыр. Келерим менен буйрукту жокко чыгарып, жумушунан алдым. Маанаев кылмыш иши жоктугу туурасында жалган документтерди көрсөткөнү аныкталды. Аны чакырып зекип, мен бул жерде министр болуп турганда, ал иштебей турганын айттым». 

Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка ылайык, башкы дарыгердин милдети убактылуу Улукбек Кулукеевге жүктөлдү.

Айта кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул жылдын март айында Токтобай Маанаевди «коррупциялык схема түзүп, бюджетке 40 млн сомдон ашуун зыян келтирген» деген шек менен камакка алып, ага жыйырмага жакын иш козголгонун кабарлаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM