Биз менен байланышыңыз

Президенттин атын жамынып, инвесторлорду опузалаган жаран кармалды

Кыска кабар | 25 Сен 2023 | 909 | 0

Президенттин атын колдонуп, инвесторлордон акча талап кылган жаран кармалды. Ал өзү бизнесмен экенин, жогорку даражалуу аткаминерлер менен байланышы бар экенин айтып, «керек болсо силерди жок кылам» деп коркутуп, инвесторлордон ири өлчөмдө акча талап кылган. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, президенттин атын колдонгон адам тууралуу маалымат Садыр Жапаровго жеткен. Мамлекет башчысы териштирүү тапшырмасын берип, жыйынтыгында ал адам кармалып, камакка алынган. Андан ары тергөө иштери жүрөт.

«Президент Жапаров дагы бир жолу Кыргызстанда «кол тийбестер» жок экенин эскертет. Өлкөдө кимде-ким инвесторлорду жогорку даражалуу байланыштары менен коркутуп-үркүтүп, алардын ишмердүүлүгүнө жолтоо болсо, инвесторлорду жеке кызыкчылыгына пайдаланып, алардан мыйзамсыз акча каражатын талап кылса, дароо камалат. «Өлкө башчысын адаштырып коёбуз же ал эч нерсе билбей калат» дегендер болсо, алар катуу жаңылышат», — деп жазды Султанбаев.

Ошондой эле ал президент УКМК, ИИМ жана башка жеке булактардан ыкчам маалыматтарды дайыма алып турарын, учурда дагы кимдер «жогорку байланыштарына» жамынып, инвесторлорду коркутуу, акча талап кылуу менен алектенип жатканы тууралуу маалыматы бар экенин кошумчалаган.

Социалдык тармак колдонуучулары президенттин атын жамынган жаран Төлөнбай Нурбаев аттуу ишкер болушу мүмкүн деп жазууда.

Төлөнбай Нурбаев өзүн жеке ишкер катары таанытып келет. Анын социалдык тармактагы баракчасында көп учурда инвесторлор менен жолуккан сүрөттөрүн, Дубай, Түркиядан инвесторлорду өлкөгө тартуу аракеттери жүрүп жатканын жазган постторун көрүүгө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM