Биз менен байланышыңыз

Сот БШКнын Бакировду мандатынан ажыратуу чечимин мыйзамдуу деп тапты

Кыска кабар | 25 Сен 2023 | 372 | 0

Бишкектин административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировду мандатынан ажыраткан чечимин мыйзамдуу деп тапты.

Сот Өмүрбек Бакировдун арызын канааттандырган жок жана Борбордук шайлоо комиссиясынын чечиминен юридикалык карама-каршылык таппаганы такталды.

Өмүрбек Бакиров бул чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна даттанууга ниеттенүүдө.

Мындан тышкары «Альянс» фракциясынын депутаты Фарходбек Алимжанов, «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын депутаты Фархат Исмаиловдун дипломдоруна байланыштуу ишти Бишкектин административдик соту 3-4-августта карап, экөөнүн тең арызын канааттандырган эмес.

Депутаттар Бишкек шаардык сотуна даттанган. Шаардык сот Фархат Исмаиловдун арызын 20-сентябрда карап, чечимди күчүндө калтырган.

Ал эми Фарходбек Алимжановдун арызы 28-сентябрда каралат.

Copyright © 2017 Maral FM