Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Казакстан 9 тармакта кызматташтыкты тереңдетет (сүрөт)

Кыска кабар | 23 Сен 2023 | 138 | 0

Бүгүн, 23-сентябрда Казакстандын Тараз шаарында кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин XI жыйыны тар жана кеңири курамда болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы жагдайлары каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эки өлкөнүн кызматташтыгынын негизги багыттары такталып, приоритеттүү тармактар аныкталып жатканын баса белгиледи. Ошондой эле өз ара сооданын көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү маселесин козгоду.

Маалыматтарга караганда, 2022-жылы Кыргызстан менен Казакстандын соода жүгүртүүсү 1,2 млрд долларды түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 13,1 пайызга өскөн. Ал эми 2023-жылдын 7 айдын көлөмү 759 млн долларды түзүп, өткөн жылдын мезгилине салыштырмалуу 13,1%га өскөн.

Булардан тышкары эки өлкөнүн чек арасындагы «Карасу» жана «Ак-Тилек» көзөмөлдөп өткөрүү пункттары коюлган райондорго өндүрүштүк соода-логистикалык комплексин куруу, суу-энергетикалык кызматташтык маселелери айтылды.

Отурумдун жыйынтыгында өкмөт башчылар тогуз тармакта: соода-экономика, инвестиция, айыл чарба, транспорт, суу-энергетика, маданият, туризм, спорт аймактар аралык кызматташтыкты тереңдетүү маселеси камтылган протоколго кол коюшту.

Кийинки жылдагы кеңешмени Кыргызстанда өткөрүү макулдашылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM