Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жол кирени накталай алган айдоочуларга чара көрүлөт (видео)

Кыска кабар | 23 Сен 2023 | 378 | 0

Бишкек шаарында жол кирени накталай алган коомдук транспорттун айдоочуларына чара көрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 23-сентябрда Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын (БПАТП) кызматкерлери автобустарга текшерүү жүргүздү. Анын жүрүшүндө айдоочуларга накталай алууга тыю салынары, эреже бузгандарга чара көрүлөрү эскертилди.

Мэрия борбордун тургундарына кайрылуу жасап, жол кирени электрондук жол менен төлөөнү өтүнүп, мындагы башкы максат шаардык бюджетке акча түшүрүү экенин белгиледи. Акчаны айдоочунун колуна берген учурларды көрүп калгандардан (0709) 57-27-07 ватсап номерине фото, видео жөнөтүп коюуну суранат.

Бишкек шаарындагы коомдук унааларга накталай эмес жол кире төмөнкү жолдор менен төлөнөт:

Үч категориядагы «Тулпар» транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);

  • Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;
  • Виртуалдуу NFC картасы;
  • «Тулпар» жана Balance, Mbank, Megapay ж.б тиркемелер менен QR-сканерлөө;
  • «Тулпар» тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү.

Copyright © 2017 Maral FM