Биз менен байланышыңыз

Кытайдан окугусу келгендерден 900 доллардан сурагандар кармалды (видео)

Кыска кабар | 23 Сен 2023 | 429 | 0

Мамлекеттик окуу жайлардагы коррупцияны иликтөө иштеринин жүрүшүндө үч адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин жетекчилери уюштурган коррупциялык схема аныкталган. Алар Кытайдын окуу жайларындагы гранттык орундар үчүн студенттерден 900 доллардан пара талап кылышкан.

Козголгон иштин алкагында И.Б.М. жана А.С.Х. аттуу адамдар кармалып, Б.Р.С. аттуу бир адам тергөө абагына киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM